super.kg logo
  Саясат  

Ош облусунун башчысы Кара-Суу районунун башкы салыкчысына "мамлекеттик ишкана атаңыздын менчиги эмес" деди

 

Бүгүн, 29-апрелде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө коллегиялык жыйын өттү. Анда Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков Кара-Суу райондук салык кызматынын башчысы Сагын Жээнбековду сынга алды.

Кара-Суу райондук салык кызматынын башчысы Сагын Жээнбеков облустук тил комиссиясы барган учурда столуна бутун чыгарып алып, тамеки чегип отуруптур. "Силер кимсиңер, эмне маселе менен келдиңер?" деп сурап да койбоптур. Сагын мырза, мамлекеттик ишкана сиздин атаңыздын менчиги эмес, сиз ашынып көөп кетипсиз. Жазган столуңузга бутуңузду коюп киши кабыл алганыңызды эмне деп түшүнсөк болот?”- деди облус башчы.

Айта кетсек, жыйында кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча түзүлгөн комиссиянын корутундусу жана Ош облусунун социалдык экономикалык абалынын 3 айлык жыйынтыгы каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: