super.kg logo

Ички иштер министрлиги: "Бишкек-Ош унаа жолу" мамлекеттик дирекциясында коррупциялык иштердин бети ачылды  

 

Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы Транспорт жана коммуникация министрлигинде мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген сатып алуулар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары бар экенин ачыктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн 29-апрелде билдирди.

Маалыматтарга таянсак, 2013-жылы Транспорт жана коммуникация министрлигинин "Бишкек-Ош унаа жолу" мамлекеттик дирекциясы республикалык бюджеттин эсебинен унаа жолдоруна керектелүүчү каражаттарды сатып алуу боюнча тендер өткөргөн. Аталган тендерди квалификациялык талаптарга жооп бербеген “Рубин” ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө жеңип алып, аталган дирекциянын жетекчилиги "Рубиндин" эсебине көп суммадагы акча которуп жиберген. Бирок керектелүүчү каражаттар ушул күнгө чейин келген эмес.  

Бул иштен мамлекет 9 миллион сом зыян тартканы айтылды. Учурда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.04.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага жемей.9 млн.не деген акча
29.04.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперчилер Рубин кимдин фирмасы экен жазып койгулачы.
30.04.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baram, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тактап, маалыматты толуктаганга аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: