Дамира Ниязалиева: “Өкмөттүн тез-тез алмашып жатышы салтка айланып калды”
“Кыргыз өкмөтүнүн тез-тез алмашып жатышы салтка айланып калды. Мен жаңы өкмөттүн узак убакыт иштешин каалайм”,- деди Дамира Ниязалиева парламенттин Социалдык саясат комитетинин бүгүнкү жыйынында.
Айтымында, өкмөттүн жылдык отчёт берерге 1-2 ай калганда кетип калышы көнүмүш тенденцияга айланган.
“Өмүрбек Бабанов премьер болуп турганда бир жылдык отчёт берерде кетирип салышты. Көп суроолорго жооп ала албай калганбыз. Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөттү да отчётун укпай кетирдик. Азыркы жаңы өкмөттүн өмүрү кандай болору белгисиз. Бирок мен бул өкмөттүн көп убакыт иштешин каалап кетем”,- деди Ниязалиева. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

