Алиясбек Алымкулов: “Кесиптик-техникалык окуу жайларды бүткөн ата-энесиз балдардын 84 пайызы иш менен камсыз болууда”
Кыргызстанда кесиптик-техникалык окуу жайларды бүткөн ата-энесиз балдардын 84 пайызы иш менен камсыз болууда. Муну бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Социалдык саясат комитетинин жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Айтымында, мындай көрсөткүч башка бир дагы окуу жайда жок.
“Университетти бүткөндөрдүн 56 пайызы гана иш менен камсыз болууда. Бизде 78-84 пайыз. Кесиптик-техникалык окуу жайды бүткөндөрдү 3 жылга чейин жатаканадан башка жакка кетирбейбиз. Окуу мекемелеринин базаларын чыңдоо боюнча жаңы программа иштеп жатат. Мисалы, Нарындагы ГЭС каскады. Окууну бүткөндөр Нарын ГЭС каскадында практикадан өтүшүп, ошол жакта иштеп калууда”,- дейт министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

