Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде билдирди.
Укук коргоо органдарына жеке ишкер кайрылып, Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкери деп тааныштырган адам кетирилген катачылыктарга айып салуу менен опузалап, акча бере тургандай абалга келтирип жатканын маалымдаган.
Атайын жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын абоненттик кызматынын инспектору 6 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Аталган факт боюнча "опузалап пара талап кылуу" деген шек менен кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nurgul-92

29.04.2014. 17:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshol 6000somdu alıp jatkan emne bolup kalıptır mıllıondordu jegender jurboibu kursagın sılap koiup oshoonu jarıya kılgıla bızge
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.