super.kg logo

Кыргызстанда балдарды бала бакча жана мектепке алуу боюнча электрондук түрдө кезекке туруу программасы иштелүүдө

 

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды бала бакча жана мектепке электрондук түрдө кабыл алуу программасын иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Маалыматта белгиленгендей, министрлик КМШдагы айрым өлкөлөрдөгү балдарды бала бакча жана мектептерге кабыл алуу боюнча программалары менен таанышып чыккан. Ошондон улам Кыргызстанда да аталган программаны ишке киргизүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.   

“Эң биринчиден, мектептерге жана бала бакчаларга балдарын киргизгиси келген жергиликтүү ата-энелердин арыздары кабыл алынат. Ал эми ашкан орундарга калган каалоочулардын арыздары кабыл алынат. Мектеп жана бала бакчалардагы бош орундар тууралуу маалыматтык сайттар аркылуу жарыяланат”,- дейт министрликтин басма сөз кызматы.

Ошондой эле балдарды бала бакчаларга кабыл алуу боюнча конкреттүү мөөнөттөр коюлмакчы. Азыркы учурда бул иш-чаралар бир жыл ичинде жасалууда.

Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, бала бакчалардагы кезектерде 3 миңден ашык бала турат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мектепке чейинки 800 мекеме куруу керек. Ага 2,5 миллиард сом каражат сарпталат.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: