Канатбек Бегалиевдин байгеси үчүн мелдеш уюшулат
30-апрель жана 1-май күндөрү Талас шаарында “Бээжин-2008” Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиевдин байгеси үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу К.Бегалиев бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, мелдеш жаш спортчуларды колдоо максатында жаштар арасында уюштурулуп жатат. 30-апрелге белгиленген ачылыш аземине көрүнүктүү спорт ишмерлери, спортту колдогон чиновниктер чакырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.