Депутаттар Таш-Көмүр шаары үчкө бөлүнгөнү жатканын айтышты
Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарын аймактык жактан үчкө бөлүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Муну бүгүн, 29-апрелде парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев айтты. Депутаттын билдиришинче, шаардыктардын мындай демилгеси туура эмес. “Бир бөлүгү Ноокен районуна кошулууну, бир бөлүгү өзүнчө статус алууну сурап жатышат. Мындай болсо биз аймактык бирдик катары аталган шаарды жоготуп алышыбыз мүмкүн”,- деп билдирди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

