super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда “Аксы окуясынын баатыры” деген наам түзүлгөнү жатат

 

Кыргызстанда “Аксы окуясынын баатыры” деген наам түзүү сунушталууда. Демилгенин автору – парламент депутаты Бакыт Төрөбаев. Депутаттын билдиришинче, аталган окуяда каза болгондордун жана жаракат алгандардын жакындары ушундай наам уюштурууну өтүнүшүүдө.

“Бул наамга кошумча акча талап кылынбайт. Эгер демилгени колдосоңор, мен тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгам. Алар (ред. жабырлануучулар) кошумча акча же компенсация талап кылышкан жок”,- деди Төрөбаев. Маселе бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде каралып, жыйынтыгында комитеттин бөлүмүнө тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. 

Эскерте кетсек, 2002-жылы болгон Аксы окуясында жалпы 7 адам каза болуп, ондогон адам жаракат алган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: