super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү менен өнөр жайды өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулады

 

КРнын Президенти Алмазбек Атамабев Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча башкы директору Ли Юнду кабыл алды. Бул тууралуу 29-апрелде президенттин басма сөз кызматы маалымдады. 

Жолугушууда Кыргызстан менен өнөр жай тармагындагы кызматташууну бекемдөө маселелери каралды. Өлкө башчы мамлекеттин келечектеги интеграциялык процесстерге болгон кадамдары республика аймагындагы өнөр жайды өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталганын айтты.

“Биздин алдыбызда чакан жана ири ишканаларды өнүктүрүү маселелери турат. БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү бөлүмүнөн колдоо көрсөткөнүңүзгө ыраазычылык билдиребиз”,- деди Атамбаев.

Ли Юн мындан ары да кызматташууга даяр экендигин билдирип, КРнын 2013-2017-жылдардагы туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясынын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: