Депутаттар Геология агенттигин министрлик кылып өзгөртүүнү сунуштоодо
Парламент депутаттары Геология жана минералдык ресурстар агенттигин министрлик кылып өзгөртүүнү сунуштоодо. Муну бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев айтып чыкты. Депутат аталган мекемени министрлик кылуу менен мамлекеттик казынага ири киреше түшө турганын билдирүүдө. “Башка министрликтерден айырмаланып, Геология жана минералдык ресурстар агенттиги казынага акча салууда. Бул органды министрлик кылып өзгөртүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзөбүз”,- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

