Орусияда кыргызстандык жаран жол оңдоп жаткан жумушчуну cүзүп кетти

Орусиянын Калуга облусунда кыргызстандык жаран жол оңдоп иштеп жаткан жумушчуну унаасы менен сүзүп, жумушчу кырсык болгон жерде каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде орусиялык маалымат булактары кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, жол кырсыгы Калуга облусунан Москва шаарын көздөй бара жаткан жолдо катталган. MAN-8153 жүк ташуучу унаасы менен бараткан кыргызстандык айдоочу жолдорду оңдоп жаткан унаа менен кагылышып, иш үстүндөгү 52 жаштагы жумушчуну да сүзүп кеткен. Жумушчу ошол жерде каза болгон. Орусиянын Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери катуу ылдамдыкта келе жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу күнөөлүү экендигин айтышканы маалымдалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Жеке айтышууну токтотобуз.