Азия чемпиону Руслан Царев: “Сентябрда өтүүчү Азия оюндарында жакшы жыйынтык болсо, демөөрчүм үй белек кылат”

Бүгүн, 29-апрелде Бишкекте күрөштүн 3 түрү боюнча 27-апрелде Астана шаарында жыйынтыкталган Азия чемпиондугунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны болуп өттү. Ага спортчулар, машыктыруучулар жана федерациянын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Азия чемпиондугунда 66 килограмм салмакта алтын медаль утуп алган Руслан Царев өз пикири менен бөлүшүп, демөөрчүлөрдүн колдоосу керек экенин баса белгиледи. “Демөөрчү мени колдоого алганына ыраазымын. Буга чейинки жыйынтыктарыма карап ал мага унаа тартуулаган. Эми сентябрь айында өтө турган Азия чемпиондугунда жакшы жыйынтык көрсөтсөм, үй алып берүүгө убада кылган. Мындай колдоолор спортчунун спортко болгон кызыгуусун арттырып, шык берет”,- дейт ал.
Кошумчалай кетсек, 23-27-апрель аралыгында Астана шаарында өткөн Азия чемпиондугуна 18 мамлекеттин спортчулары катышкан. Күрөштүн 3 түрү боюнча Кыргызстан курама командасы жалпысынан 2 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль уткан. Грек-рим күрөшүнүн чеберлери Кыргызстандын эсебине 2 алтын, 1 күмүш, 1 коло алып келсе, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөштө кыздар 1 күмүш, 1 коло тагынышкан. Ал эми эркин күрөш боюнча 1 күмүш, 2 коло багындырышты. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.