Энергетика министринин орун басары Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү Ли Юн менен жолугушту
КРнын Энергетика министринин орун басары Канатбек Муратбеков БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун (ЮНИДО)
башкы директору Ли Юнду кабыл алды. Бул тууралуу 29-апрелде аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Жолугушууга Соломия Омелиан, Амита Мисра, Усупов Марат өңдүү Бириккен Улуттар Уюмунун жана министрликтин өкүлдөрү катышышты. Анда ЮНИДО менен Кыргызстандын ортосундагы өнөр жай тармагында кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстанда чакан гидроэнергетика борборун куруу, энергетика булактарын калыбына келтирүү маселелери талкууга алынды.
Ошондой эле тигүү тармагындагы инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жана курулуш материалдарын өндүрүүнү өнүктүрүү талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты улантуу керектиги айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

