Жылнаама, 30-апрель: Мындан 4 жыл мурун "Супер-Инфо" гезити үчүнчү ирет "Жылдын нускасы" наамына татыган
* Мындан 4 жыл мурун, тагыраак айтканда, 2010-жылдын 30-апрелинде Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде "Улуттук гезит" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, анда "Супер-Инфо" гезити "Жылдын нускасы" наамына катарынан үчүнчү ирет ээ болгон.
* 1958-жылдын 30-апрелинде саясатчы Айтибай Тагаев Ноокат районундагы Эски-Ноокат айылында туулган. Анжияндагы Гидротехникалык курулуш техникумун, Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин Кызыл-Кыядагы курулуш материалдар комбинатында финансы-экономикалык маселелер боюнча иш алып барган. 1993-2001-жылы Кызыл-Кыядагы “Нур-Км” акционердик коомунун коммерциялык директору, кийинчерээк Директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген. 2005-жылы Кызыл-Кыя шайлоо аймагынын №17-шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңештин III чакырылышына "Алга, Кыргызстан!" партиясынан депутат болуп шайланган. 2007-жылдын декабрында парламентке “Ак жол” партиясынан депутат болгон.
* Мындан 47 жыл мурун советтик жана орусиялык ырчы, актёр, композитор жана продюсер Филипп Киркоров Болгариянын Варна шаарында туулган. Учурда 1 кыз, 1 уулду тарбиялап жаткан Филипп Киркоров 2008-жылы Орусиянын Эл артисти наамына татыган.Жылнаама толугу менен бул жакта...
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















