super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Декреттик өргүүнү узартса болобу?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Мен азыр декреттик өргүүдөмүн. 2 жашар балам бар жана дагы кош бойлуумун. Анан тааныштарым "2014-жылдан баштап декреттик өргүүнү узартканга болбой калыптыр, ортосунда эч болбосо бир ай иштеп, анан кайрадан декретке чыгышың керек экен" деп жатышат. Бул тууралуу толук маалымат алайын дегем. Суроо калтырган samaro4ka.

Жооп: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы №73-жобонун (“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №727-жобо “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө”) негизинде иш алып барат. Жобонун жаңы редакциясы (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы №700, 2014-жылдын 4-февралындагы №73 (токтомдорунун редакцияларына ылайык) жобонун 55-пунктунун негизинде төлөмдөр кийинкидей жүргүзүлөт:

Балдар бир жарым жылга же үч жылга чейин аларды багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге, алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө кайталап (анын ичинде эки жолудан ашык, бирок жалпысынан алты жылдан ашык) кеткен учурда, алгачкы он жумушчу күн үчүн жөлөк пул штаттык кызмат орундарында белгиленген кызматтык айлык акыдан (ставкадан), он биринчи күндөн жумушчу күндөн тартып айына 10 эсептик көрсөткүчтөн эсептелет.
Баланы бир жарым же үч жашка чыкканга чейин багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкерлерге (жалпысынан үзгүлтүксүз алты жылдан ашык) алар кош бойлуулук жана төрөт боюнча кайрадан өргүүгө чыккан учурда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул бардык жумушчу күндөр үчүн айына 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө эсептелет. Жөлөк пул алгачкы он жумушчу күнү үчүн жумуш берүүчүнүн өздүк каражаттарынын эсебинен, ал эми он биринчи жумушчу күндөн тартып республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнүп берилет.

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Исакова Зайнап Абакировна жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: