super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмдун жетекчисине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтты

 

ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков 29-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ЮНИДОнун) башкы директору Ли Юнду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда аталган агенттиктин калк турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорун ишке ашыруу алкагында кызматташтык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.

Төрага Асылбек Жээнбеков өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык реформалар, 2017-жылга чейин Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берди. 

«Бул документ экономиканы саясаттан бөлүүгө мүмкүнчүлүк берет. Стратегия алкагында экономикалык өнүгүүгө жетишүү үчүн биз адегенде өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселесин чечүү аракетиндебиз. Өлкөнү өнүктүрүүнүн бардык маанилүү маселелери боюнча коомчулук менен ачык пикир алышып жатабыз. Биздин аракетибиздеги ачык-айкындуулук өлкөдөгү туруктуулуктун кепилдиги жана калк тарабынан көрсөтүлгөн ишеним болуп саналат. Башталган реформалардын жана ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун аркасында 2015-жылдан тарта биздин өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсү күтүлүүдө»,- деди төрага.

Ал эми Ли Юн өлкөлөрдү индустрализациялоонун жаңы концепциясы иштелип чыкканын, анда жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу жана туруктуу өнөр жайлык өнүгүүнү камсыз кылуу чаралары камтылганын, ал жетектеген уюм Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын максаттарын ишке ашырууга көмөк көрсөтөрүн билдирди.

«Биздин уюм Кыргызстандын өкмөтү жана Жогорку Кеңеш менен алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу жаатында тыгыз кызматташат. Сиз айткан пикирлер менен сунуштар биздин жумушчу программабызга камтылат»,- деди Ли Юн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: