super.kg logo

Бишкектеги №31-бала бакчадан кулап кетип башынан катуу жаракат алган Айгеримдин баяны (фоторепортаж)

 
Түнкү саат 12:30да уктап жаткан кызын өпкөнгө кирген атасы кызын ушундай абалда тапкан.
Болгон окуядан 5 күн өткөндөн кийинки Айгеримдин абалы ушундай эле.
Томографиядан чыккан сүрөт.
Баш сөөктүн мындай деңгээлде сынып кеткенине караганда сокку катуу болгон.
Бул 4 жашар Айгеримдин азыркы абалы. Анын абалы туруктуу болгону менен, мындан ары ал дайыма дары-дармек ичип, бактылуу балалыктын ордуна дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу зарыл.
Айгеримдин апасы бул окуяны укканда дароо Кыргызстанга кайтканга шашылган. Бирок учакка кечигип калып, айып пул төлөп, экинчи рейс менен 11-апрель күнү кайтып келген. Учурда кызынын жанынан чыкпай, эч кимге ишенбей калганын айтат.
Айгеримдин атасы Атамбек бул окуянын күнөөкөрлөрү өз жазасын алат деп ишенгиси келет. "Эгер менин кызымдын ордунда депутаттын кызы болсо, эмгиче чара көрүлмөк, а мен жөнөкөй айдоочумун, ошон үчүн ишти жаап салды. Бирок бул окуя акыйкаттуу чечилет деп ишенем",-дейт кыздын атасы.
Айгеримдин ата-энеси менен маектешип баратканымда бала бакчанын жетекчиси келип калды.
Белгисиз себептерден улам бала бакчанын жетекчиси комментарий берүүдөн баш тартты.

Бишкектеги №31-бала бакчадан кулап кетип башынан катуу жаракат алган Айгерим мындан ары дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Каргашалуу окуя борбор калаада 7-апрель күнү бала бакчада орун алды. Кечки саат 17:30дар чамасында ата-энелер балдарын алып кетип жаткан учурда 4 жашар Айгерим Иманалиева 2-кабаттын тепкичинен 1-кабатка кулап түшкөн. Учурда Айгеримдин башына оор операция жасалып, 8-апрелден бери ооруканада жатат. Окуя тууралуу бизге Айгеримдин атасы Атамбек Рахманов кененирээк айтып берди.

“Мен өзүм айдоочу болуп иштейм. Акчанын тартыштыгынан аялым бул окуяга чейин бир жума мурун Орусияга кеткен болчу. Кызымды өзүм карап отура албагандыктан, аны караганга Нурила аттуу кызды 5 миң сомго жалдагам.

Окуя 7-апрель күнү болду. Ошол жерден ага эч кандай жардам көрсөтүлбөптүр. Муну ал жердеги ата-энелер да, тарбиячылар да көргөн экен. Бала багуучум да эч кандай жардам бербестен үйгө алып баса бериптир. Мен үйгө түнкү саат 00:30да келдим. Кызымды карайын деп кирсем, көздөрү көк ала, мурду канап жатыптыр. Нурилага "Эмне доктурга алып барган жоксуӊ?!" десем, “өтүп кетет деп ойлогом” дейт. Анан дароо "Тез жардамга" чалдым. Ал кечиккендиктен, түнкү саат 02:00дө №3-шаардык балдар ооруканасына алып келдик",- деди Айгеримдин атасы.

Атамбек Рахмановдун айтымына караганда, ал үйүнө барган учурда кызы болгону “ата, үшүп жатам” деп айтып, эс-учун жоготуп койгон. Ал эми Айгерим жаткан шейшептин баары кан болуп калган. Ооруканага жеткирилген кыздын абалын көргөн дарыгерлер аны дароо томографияга тартып, баш сөөктөн жарака кетип, сөөктүн сыныгы мээни тешип кирип кеткен жана андан сырткары гематома пайда болуп калгандыгын аныкташкан.    

"Бала бакчанын жетекчилиги жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбей, “Биз кызыңызды бала багуучуңарга тапшырганбыз, андан кийинки окуя бизге тиешелүү эмес. Буга бир гана бала багуучуңар күнөөлүү” дешүүдө", - деп кошумчалайт Атамбек Рахманов.

Кызынын оор абалын көргөн ата ачуусу менен бала багуучусуна кыйкырып койгон экен, ошол күндөн тарта андан дайын жок. 

Дарыгерлер учурда кыздын абалы туруктуу экенин айтып жатышат. Бирок кыз калыбына келүү үчүн 2 жылдан кем эмес убакыт керек.

Бул окуя туурасында иликтөөнү Биринчи Май РИИБи жана тергөөчү Талант Абдылбаев алып барган. Бирок тергөө амалдарынын жыйынтыгында "кылмыш ишин козгогонго негиз жок" деген тыянак чыгарган.

“Бүгүн биздин колго ишти токтотуу боюнча токтом тийди. "Иш токтотулсун" деген токтом 18-апрелде эле чыккан экен. Бирок белгисиз себептерден улам бул тууралуу биз бүгүн, 29-апрелде гана уктук. Мен бул иш менен Бишкек шаардык мэриясына караштуу Балдарга жардам берүү борборуна кайрылгам. Учурда ал жактын юристи райондук жана Башкы прокуратурага бул ишти көзөмөлгө алуу боюнча арыз даярдоодо”,- дейт сыздаган ата.

Айгеримдин ата-энеси менен маектешип бара жаткан учурда ооруканага бала бакчанын жетекчиси эки айым менен келип калды. Бул окуя туурасында бала бакчанын жетекчисинен сураганымда ал жооп берүүдөн баш тартты.

Айгеримдин ата-энесине кайрылганымда алар: "Бала бакчанын жетекчилиги башында бул окуяга эч кандай көӊүл да бурган эмес. Бул окуя тууралуу маалымат каражаттарына чыккан соң бир келип, "жардам берилет, кеткен чыгымдардын дүмүрчөктөрүн алып келгиле" деген. Бүгүн мына экинчи ирет келип, “Болуп өткөн окуяга өзүңөр күнөөлүүсүңөр. Кызыңардын өмүрүн кантип бала багуучуга тапшырып коёсуңар?!” деп кайра бизди күнөөлүү кылышууда. Бүгүн да "жардам беребиз, ар кайсы жакка кайрылып комментарий бербегиле" деп кетишти",- дейт кыздын атасы. 

Айгеримдин ата-энесинин негизги максаты - кызынын эртерээк сакайып кетиши. Ошондой эле ал окуяга күнөөкөрлөр өз жазасын алсын дешүүдө.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(36)
29.04.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
иии байкуш кыз, Кудайым ден-соолук берсин, батырак айыгып кеткиле(((
29.04.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жараткан жардам берсин жакшы болуп кетсин батырак.
29.04.2014. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Ал кызды атайлап жыгытса алатда жазасын аман калганына суйунбойбу 5000 сомго ким иштейт азыр баласын 5 минге бактырып озу орусияда энеси менен атасын жазалаш керек бири орусияга кеткен бири орусияга жибергени учун озу орусияга келип коп акча тапсын бир кыз 5минге бакча болуп жазалансынбы
29.04.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
misha00, кор тиргиликтин айынан болуп жатат мунун баары сен антип бироого сын тагып суйлобо орусяда емне куйулуп атат дейсинби 5мин емне акча емеспи ал 5000сомду атасы кызы учун ак мээнети м таап берип аткан турбайбы бул жерде керек болсо нянка кыз дагы куноолу жазасын кудайым берсин
30.04.2014. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
misha00, азыр жашоо ошондой болуп калбадыбы, бир эле айгеримдин ата энеси эмен таштап жаткан, мамлекеттен эч кандай жардам болбогон учун талаалап журушот да , абайлап суйло эртен озунун башына тушуп калбасын сынтагам деп.
30.04.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
misha00, ошондо ырас болуптур дегени турасынбы ? ! Эч бир адамдын башына салбасын мындайды , айгып кетсин кичинекей кыз . Кокустук болуптур .
01.05.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
misha00, Тообо дечи, ал кызды 5000 сомго иште деп эч ким мажбурлаган жок да, эч кимдин башына салбасын мындай ишти, баланын билеги ооруса эненин журогу ооруйт дейт жакшы болуп кетсин байкуш кыз.
29.04.2014. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кудайым шыпаасын берсин
29.04.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым оз шыпаасын берсин,эээхх бобоктор жаман кырсыка кабылбай эле койсунчу,Кудайым озун сактай кор.......
29.04.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуп кетсин! Эч кимдин баласы ооруубасын!
29.04.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кызыл шляпалар мыйзамды бир карап чыгышса болмок эрте эле чечим чыгарбай.канткен кундо да окуя бала бакчада болуп жатпайбы?
Нянкасы да озун эптей албаган кыз окшойт да.оюунда жигиттерди ойлогон.
2-кабаттан кулаган болсо.жаш наристеники отуп кетмек беле.тез жардам чакырганга кантип акылы жетпеди экен..озу чакыра албаган болсо бироого айтпайбы.
Жаш наристе 2-кабаттан эмес жерден кулаган болсо да тез жардам чакырыш керек.наристе эмес чон адам куласа бир жери сынып кетмек.
29.04.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш кыз батыраак сакайып кетсе экен эми.
Оо жараткан аллах ушул наристенин жанын оорутпай озун жардам берип оорусуна даба кыла кор!
Жаш неристенин жанын оорутпай ошол кош конул караган ташоорлордун жанын орут.кандай болорун билишмек.
29.04.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул жерде баарынын куноосу бар.
Апасы баласын куйоосуно таштабаш керек эле;
Атасы ишеничтуу адамга каратыш керек эле;
Багуучу жоопкерчиликтуу болуш керек эле;
Багуучу 70% куноолуу. Себеби, тепкичтен баланы желетеп тушуруш керек. Же болбосо, кулаганда замат тез жардам чакырыш керек эле. Ушул кыздын кайдыгерлигине тан калдым! Атасы туура айтат, бир чондун кызы болгондо, айыпталуучулардын сазайын бермек. Неге бул иш токтотулсун деген токтом чыкты? Далил бар, куноокорлор бар!
29.04.2014. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
. Айгерим тезирээк айыгып кетсин!
29.04.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине кызды коруп алып жамааан болуп кеттим. Неге биз жоопкерчиликтуу, боорукер, адилеттуу боло албайбыз?! Милийсалар неге ушундай иштерге коздорун жаап коюшат, анан бир жонокой, оорчунду эмес окуяны кылмыш деп билишет жана сотко ашырышат?! Кичине кыз тез айыгып кетсин.
29.04.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ушул кызга шыпаа берип мындан ары эч оорубаса экен.
30.04.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш сөөгүнүн сынганын карагылачы.Эртерээк айыгып кетсин,АЛЛА өзү шыпаа берсин
30.04.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Терезени өйдөрөөк курса болбойбу ???
30.04.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Багуучу кыз да,бала бакчанын кызматкерлери да кунолуу. Окуя бала бакчада болуп атат. Бала бакчанын жетекчисин жана ошол куну сменада турган кызматкерлерди жумуштан алдырыш керек. Кыздын ата-энесине сабыр тилейм. Батыраак айыгып кетсин.
30.04.2014. 06:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларды угуп садике бериштен да коркосун,
30.04.2014. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала бакчаларга камера орнотуш керек! Байкуш кыз тезирээк айыгып кетсин! Жараткан наристелерди жамандык, оорудан сактасын! Куноолуулор оз жазасын алсын деп ишенели!
30.04.2014. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жараткан аллахым ушу наристеге шыпаа берсин.Ата энесин кунолобогуло.Азыр канча энелер,балдары учун кетип жатышат.Кайсы зне баласы мандайында болуп,озу тарбиялап остургусу келбейт.Ушул балдарым кенен ичип жешсе экен,элден кем кийбесе экен.жакшы билим алса дейт.Кудайдан кундо балдрын ден соолугун сурап,сагынганда коз жашып тогуп,бирок балдары учун кандай оор жумуш болсо иштеп да иштеп журушот.4 5 миллион элин бага албай тентитип жибергендерге,элдин ырыскысын менчигиндей ичип жегендерге,наалат.
30.04.2014. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала багуучу эмес, бала бакчаданын ичинде болуп жаткан окуя болгондуктан тарбиячылар куноолу го
Кичинекей кыз айыгып кетсин...
30.04.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу сактасын, шыпаасын берсин, ылайым балдарыбыз наристелерибиз оорубасын, бул кичинекей ширин кызга ден соолук тилеймин.
30.04.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер кызды алып кетип баратканда жыгылса бала бакчанын куноосу жок.бала багуучуда кептин баары.айыгып кетсин эмнеси болсо да.
30.04.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шыпаасын берсин
30.04.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш кыз десе!Кудай шыпаасын берсин!Ответственность деген нерсе жок да озу!
30.04.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нянькасы ХХХ го! Кантип башы козу когоруп,канжалап жаткан наристени жаткырып койду экен,эч нерсе болбогондой! Сразу тез жардамга же атасына чалса болмок!!!
Модератор admin_portal түзөттү 30.04.2014 14:18
30.04.2014. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mairam1991 - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болсоңуз.
30.04.2014. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик бизге тануулаган оор турмуштун айынан коптогон жаш ата-эне талаалап же Кыргызстанда болгон кундо да туйшук менен алпурушуп балдарына жетиштуу убакыт боло албай келуудо, ошол себептуу кыздын апасын мен куноологондон алысмын, атасын дагы, жалгыз кемчилиги бала багуучунун бираз жоопкерчиликтуусун коюшпаптыр. Эгер ушул кыз АШАнын же кучтуу бизнесмендин кызы болгондо дароо самолет менен Германия же Америкага алып барышып эн мыкты клиникада каралмак,садик менен бала багуучу дароо эле соттолмок
30.04.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал эми бул кыздын ата-энеси карапайым адамдар болгондуктан дары-дармекке, кучтуу врачка корсотууго, кымбат операцияга акчалары жетпей кыйналып жургон чак болсо керек, колунда жок болгону учун милиция да, прокуратура да кылмыш ишин козгобой, бир соз менен конул болгонго арзыган жок, анткени садик жетекчилигине иш козгоп булардын башына таш тушуптурбу, кимде акча болсо ошол адамдын айтканы туура деген тушунук орун алган заман азыр. Бала багуучу кызда куноо коп,айтпай, убагында чара корбогону учун
30.04.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер Союз убагы болгондо мамлекет озу бул кызды колунан келишинче дарылап бутуна тургузууга аракет кылмак, албетте баары бекер, дарысы,операциясы, ал эми куноолуулор аныкталып дароо сот жообуна тартылмак, ал учурда ээлеген кызматы, байлыгына карап мамиле кылуу деген болгон эмес, милиция иш козгобой койсо озу камалып кетмек! Мына бугунку силер мактаган бийликтин, капитализмдин шартында Кыргызстандын карапайым 90% тургуну ушундай оор кун башына тушсо жыйынтыгы кандай болоорунан бир сабак!
30.04.2014. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман болуптур, батырак айыгып кетсин...
30.04.2014. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гос бала бакчаларга барган балдарды чындыгында кудайым озу эле кайтарат..Баламды бала бакчага берем деп жаныбыздагы садиктерди кобун карап балдар прогулкада жургон мезгилдериндеги учурларына озум кубо болуп жакамды кармадым........бала бакчанын жетекчисин дагы жооп беруучу адамдарын бир аз жазалап ордуна койсо башкалар да бир аз жоопкерчилик эмне экендигин сезишмек....бирок эч кандай жаза алышпайт тургандыгы азыр эле билинип турат..качан болсо жонокой адамдар запкы жешет...кудай жардам берсин.
30.04.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Укук коргоо органдары жана бала бакча кызматкерлери! Кудайдан корксонор боло! Айгерим, ылайым Кудай шыпаасын берип, бекем ден-соолукта узак омур сургон бактылуу кыз бол! Адилеттуулук менен курошкон колунда чоон кызматын болсун. Так ушул жоопкерчиликтен качкан тарбиячылардын, кылмышты жаап-жашырган тергоочулордун аракетин Кудай озу таразаласын!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: