super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Парламенттик ассамблеясынын Укуктук маселелер боюнча комиссия жыйынына катышты

 

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Укуктук маселелер боюнча комиссиясынын мүчөлөрү – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрага орун басары Курманбек Дыйканбаев менен КР Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү Эркингүл Иманкожоева комиссиянын кезектеги жыйынына катышты. ТүркПАнын Укуктук маселелер боюнча комиссиясынын үчүнчү жыйыны Астана (Казакстан) шаарында өттү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.  

Катышуучулар комиссиянын “Улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери” темасындагы баяндамалар менен сунуштамаларды угуп, талкууга алышты. 

Ошондой эле парламентчилер ТүркПАнын туруктуу комиссияларынын ишмердүүлүгү менен түзүмүн жана ошондой эле уюмдун укуктук базасын өркүндөтүү багыттарын карап чыгышты.

Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү сунуштамалар кабыл алынды. ТүркПАнын Укуктук маселелер боюнча комиссиянын кийинки жыйыны Бишкек шаарында өткөрүү чечилди. 

Маалымкат: ТүркПА курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызыстан жана Түркия кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: