super.kg logo
  Спорт  

УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: “Реал” конокто “Баварияны” ири эсепте утуп, финалга чыкты (фоторепортаж)

 
Оюндагы алгачкы гол бурчтан чыгарып берүүдө кирди. Оюн эсебин Серхио Рамос ачты.
2012-жылы Серхио Рамос УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалында дал ушул "Бавариянын" дарбазасына 11 метрлик айып соккусун киргизе албай калган. Быйыл экинчи ирет ал командалаштарына жана күйөрмандарга "Реалды" финалга алып чыгуу тууралуу убадасын берген.
Стандарттык абалда мыкты ойногон "Реалдын" оюнчулары Нойердин дарбазасына топту жеңил гана багыттап жатышат.
Бастиан Швайнштайгер менен Томас Мюллер көпчүлүк сыяктуу эле майданда эмне болуп кеткенин түшүнө албай турушат.
Криштиану Роналду эсеп айырмачылыгын 3 голго жеткирип, "Бавариянын" финалга чыгууга болгон үмүтүн үзүп койду.
Мануэль Нойер өнөктөштөрүнүн коргонууда чабал оюн алып барып жатканын көрсөтүүдө.
Криштиану Роналду оюндагы үчүнчү голду, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын бул сезонундагы 15-голун киргизди. 15 голду ал манжалары менен төмөнкүчө дал ушундай мүнөздө санап берип жатат.
"Бавариянын" башкы машыктыруучусу карьерасындагы эң ири жеңилүүгө туш болду. Топко ээлик кылуу менен ал айла таппаган соң, кандай тапшырма берерин билбегендей үнсүз гана отурду.
"Бавариянын" өткөн жылдагы мыкты оюнчусу Франк Рибери Хосеп Гвардиола менен...
Криштиану Роналду оюнга чекит коюп жатат.
Оюндун экинчи жарымында оюн деңгээли түшүп, командалар убакытты бүтүрүү аракетин гана көрүп жаткандай таасир калтырды. Себеби "Бавария" андан ары уят болууну каалабаса, 3:0 эсеби "Реалга" да жетиштүү эле.
Криштиану Роналду сезондогу 16-голун айып соккусунан жаратты.
Башкы машыктыруучу Карло Анчелоттинин тапшырмасын эки эсе ашыра аткарган Криштиану Роналду куттуктоолорду кабыл алып жатат.
Мадриддик футболчулар финалдык жолдомонун мынчалык оңой чечилерин күтүшкөн эмес.
"Реалдын" оюнчулары колдоп келген күйөрмандарга ыраазычылык билдиришүүдө.

Кечээ, 29-апрель түнү Германиянын Мюнхен шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюну болуп өттү. Анда “Бавария” өз үйүндө мадриддик “Реалга” 0:4 эсебинде утулуп, финалдык жолдомодон куру калды.

Оюн 1-мүнөттөн тарта курч мүнөздө башталып, “Бавария” топту көзөмөлгө алуу аракетин көрө баштады. Ал эми “Реалдын” оюнчулары иштиктүү каршы чабуулдарды уюштуруу менен алек болушту. Стандарттык абалдан Серхио Рамостун 2 голу оюндун жүрүшүн өзгөртүп койду. Бул голдор мадриддиктердин майданда дагы да ишенимдүү сезүүсүн шарттады.  

Бавария” (Германия)-Реал” (Испания) 0:4

Голдор: Серхио Рамос (16-мүнөт), Серхио Рамос (20-мүнөт), Криштиану Роналду (34-мүнөт), Криштиану Роналду (89-мүнөт).






УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: "Бавария" - "Реал" (Жооптук оюн)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
30.04.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХАЛА МАДРИД Супер буйурса ченпиондукда алат бул сезеондо
30.04.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реалга мен ишенгемин! Реалда жалан Реалдуу футболчулар! Алга РЕАЛ
30.04.2014. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Реал!!!
30.04.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хала Мадрид!
30.04.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлогондой болду
30.04.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктаймын реалдын фанаттарын
30.04.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок азаматсынар Реал.
09.06.2014. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реалды реал кылган Криштиану Роналду ..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: