Исмаил Исаков “Маданият өкүлдөрүнүн өкүрүп акцияга чыгышы тарыхта болгон эмес. Куран окуу керек болсо баарыбыз окуп, көмө турганын көмөлү” дейт
Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутаттар маданият кызматкерлеринин Өкмөт үйүнө өкүрүп барып, нааразычылык билдиришкенине өкмөт жооп бериши керектигин айтышууда. Муну депутат Исмаил Исаков айтып чыкты. Депутаттын билдиришинче, маданияттын оор абалга келишине күнөөлүү адамдардын маселесин кароо зарыл.
“Жакында ардактуу маданият кызматкерлери Өкмөт үйүнө өкүрүп барышты. Мындай абалга аларды ким жеткирди? Тарыхта болгон эмес мындай нерсе. Башкасын токтотуп, ушул маселе боюнча өкмөттүн маалыматын угалы. Эгер маданият чын эле куран окуй турган абалга жетип калса, баарыбыз чогуу окуйлу. Жерге көмө турганын көмөлү. Парламенттик өлкөдө жашап туруп унчукпай койгонубуз туура эмес”,- дейт Исаков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

