Ысык-Көл облусунда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө мурда катталган 18 кылмыштын бети ачылып, мыйзамсыз сакталган 6 ок атуучу курал алынды
Ысык-Көл облусунда “Арсенал” операциясынын жүрүшүндө мурда катталган 18 кылмыштын бети ачылып, мыйзамсыз сакталган 6 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 28-апрель күнү Ысык-Көл облусунун аймагында “Арсенал” операциясы жүргөн. Анын негизинде Каракол шаарындагы батирлердин биринен диний-экстремисттик маанайдагы материалдар алынган. Ошондой эле мурда издөөдө жүргөн Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну кармалган. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айынан бери зордуктоо фактысына шектелип, издөөдө жүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.