super.kg logo
  Спорт  

Ызат Раатбеков бильярд боюнча кезектеги мелдешти утуп алды

 
Мелдеште 14 жашка чейинкилер арасында өз күчүн сынаган бильярдчылар.
Ызат Ратбеков жана Дастан Лепшаков КРнын Бильярд спорту боюнча федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу менен...

Кечээ, 29-апрелде Бишкекте бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Ильяз Адамов бүгүн, 30-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 18 жана 14 жашка чейинки спортчулар арасында 2 категорияда өткөрүлдү. Бул мелдеш быйыл августта Ысык-Көлдө бильярд боюнча өтүүчү 18 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна оюнчуларды тандоо максатында уюштурулду.

18 жашка чейинкилер арасындагы биринчиликке 32 кий чебери катышты. Жыйынтыгында финалга Ызат Раатбеков менен Дастан Лепшаков чыккан. Оюн 5:0 эсебинде аяктап, Ызат жеңүүчү аталды.   

“14 жашка чейинкилер арасында Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын №22-Дыйкан орто мектебинен келген Алибаев Абдыжапар жеңүүчү аталды. Аталган мектептин директору Токон Султанов Абдыжапарды каражат жагынан колдоп, ишенип жиберген. Финалда ал 4:1 эсебинде жеңишке жетишти”,- дейт Ильяз мырза. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.04.2014. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!Ушундай эр азаматтар осуп келе жатканы суйундурот.
30.04.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Сыймык кут болсун женишин Кара-жыгычты алга чыгара бер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: