super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков депутат Исмаил Исаковго КСДП фракциясынан чыгып кетүүнү сунуштады

 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков депутат Исмаил Исаковго КСДП фракциясынан чыгып кетүүнү сунуштады. Мындай сөз парламенттин 30-апрелдеги жыйынында айтылды. Жыйында чиновниктерге кылмыш ишин козгоого прокурорго гана укук бере турган мыйзам долбоору талкууланып жаткан. Депутат Асия Сасыкбаева бул мыйзам долбооруна каршылык билдирип, “эгер коррупционер адам башкы прокурор болуп калса, мыйзамсыз козголгон кылмыш иштери көбөйүп кетиши мүмкүн” деп билдирди. 

Буга Исмаил Исаков “коррупционер адам башкы прокурор болбошу үчүн фракциялар азыркыдай аракет кылбай, таза адамдарды алып келиши керек” деп жооп берди.

Мындан кийин Чыныбай Турсунбеков депутат Исаковго фракциядан чыгып кетүүнү сунуштады. “Сиз фракциянын жыйындарына келбейсиз, бирок коалициялык көпчүлүккө мүчөсүз. Эгер нааразы болсоңуз, анда фракциядан өз эркиңиз менен чыгып кетиңиз”,- деди Турсунбеков. 

Исмаил Исаков кесиптешине буларды айтты: “Мен фракциядан чыгуу же чыкпоону өзүм билем. Эгер кааласаңыз, өзүңүз чыга бериңиз. Мен бардык фракцияларды мисал кылдым”

Мындай кайым айтышуудан кийин төрага Асылбек Жээнбеков аталган депутаттардын микрофондорун өчүрүүгө мажбур болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: