super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду Чемпиондор Лигасында 1 сезондо 16 гол киргизип, рекорд койду

 

Мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду кечээ, 29-апрелде мюнхендик “Бавариянын” дарбазасына 2 гол киргизип, УЕФАнын Чемпиондор Лигасында бир сезондо киргизген голдордун саны боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, Криштиану Роналду 2013-2014-жылкы сезондо 10 оюнда 16 гол киргизди. Бул көрсөткүч менен ал 2012-жылы 14 гол киргизген “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Мессинин рекордунан ашып өттү. Лиганын тарыхында 1963-жылы да 14 гол катталып, “Миландын” оюнчусу Жозе Альтафини рекорд койгон.

Кошумчалай кетсек, Криштиану Роналду “Реалдын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 50 оюн өткөрүп, 51 гол жараткан.  

Криштиану Роналду жетектеп келе жаткан бомбардирлердин тизмеси:

16 гол – Криштиану Роналду (“Реал”)

10 гол – Златан Ибрагимович (ПСЖ)

8 гол – Лионель Месси (“Барселона”)

7 гол – Диего Коста (“Атлетико”).

6 гол  Серхио Агуэро (“Манчестер Сити”), Роберт Левандовски (“Боруссия” Д).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
30.04.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алга Реал Мадрид
30.04.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйурса быйылда алтын топту алат.
01.05.2014. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал мадрид чемпион Криштиану алтын топтун ееси
100%гарантия
03.05.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хала Мадрид буйруса Атлетикону утсак Роналду дагы гоол киргизсе анда рекорд кылымдарга чейин кармалат
09.06.2014. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менинин суйуктуу футболчум рекорд койуптур ураааа!!! Мен сени чексиз суйом !!! Эки дуйно бактылуу бол ,сенин бактын менин бактым!..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: