super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева: “Өкмөт жогорку билим берүүнүн сапатына кепилдик берүүгө тийиш”

 

Бүгүн, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен жолугушуп, жогорку билим берүү системин оптимизациялоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда республикадагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жогорку окуу жайларды оптимизациялоо боюнча иш мерчемдерин талкуулашты.

“Кыргыз өкмөтү жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иш алып барууга ниеттенет. Бизге ЖОЖдордун саны эмес, сапаты керек. Жаш кыргызстандыктар өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууда жардам бергидей сапаттуу билим алууга тийиш”,- деди Эльвира Сариева.

Вице-премьер-министр Билим берүү жана илим министрлиги жакынкы аралыктарда жогорку билим берүү тармагын иретке келтирүү максатында ишти системдештирүүсү зарыл экенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: