super.kg logo
  Спорт  

Аргентиналык Лионель Месси 4-ирет "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталды

 

Мындан бир саат мурда Швейцариянын Цюрих шаарында Футбол ассоциацияларынын эл аралык уюму 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Футбол жаатында жылдын мыктыларына сыйлык тапшырууга арналган салтанат чакан концерттик программа менен коштолуп, анда алпаруучулук милдетти голландиялык экс-футболчу Рууд Гуллит менен телеалпаруучу Кай Мюррэй аркалашты. Кечеде абройлуу делген “Жылдын мыкты футболчусу” наамы аргентиналык Лионель Мессиге буюруп, ага кезектеги "Алтын топ" тапшырылды. Месси аталган сыйлыкка катары менен 4-ирет ээ болуп, рекорд койду. “Жылдын мыкты машыктыруучусу” деп испаниялык Висенте дель Боске табылса, “Мыкты гол” номинациясында словакиялык Мирослав Стох жеңүүчү аталды. 

Сүрөттөргө комментарий: 

1. ФИФАнын версиясы боюнча 2012-жылдын "Кыялдагы командасы": Икер Касильяс (дарбазачы, "Реал"), Данни Алвеш (коргоочу, "Барселона"), Серхио Рамос (коргоочу, "Реал"), Херард Пике (коргоочу, "Барселона"), Марсело (коргоочу, "Реал"), Хаби Алонсо (жарым коргоочу, "Реал"), Хави (жарым коргоочу, "Барселона"), Андрес Иньеста (жарым коргоочу, "Барселона"), Криштиану Роналду (чабуулчу, "Реал"), Лионель Месси (чабуулчу, "Барселона") жана Радамель Фалькао (чабуулчу, "Атлетико").

2. Пиа Сундхаге (кыз-келиндер арасында АКШнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу) - кыз-келиндер футболунда 2012-жылдын мыкты машыктыруучусу.

3. Висенте Дель Боске (Испания курама командасынын башкы машыктыруучусу) - 2012-жылдын мыкты машыктыруучусу.

4. "Таза оюн" сыйлыгы Өзбекстандын футбол федерациясына буюрду. 

5. Германиялык Франц Беккенбауэр футболдун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ФИФАнын президентинин атайын сыйлыгына татыды.

6. Эбби Вамбах (АКШ) - 2012-жылдын мыкты футболчу айымы.

7. Лионель Месси (Аргентина) - 2012-жылдын мыкты футболчусу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
08.01.2013. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бунга татыктуу болчу бирок менин оюмча Иниестага деле берсе жакшы болмок эле
08.01.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажап кеткен жок бекен ала берип Месси)))Бир адамга кечке бере берсе кызыгы деле кетип калды го дейм алтын топтун)))миң кыйын болсо деле:)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: