super.kg logo
  Саясат  

Бажы органдарында кызмат өтөө тартиби кайрадан каралууда

 
Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-апрелде бажы органдарында кызмат өтөө тартибин ыраатташтыра турган мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутат Улукбек Кочкоровдун айтымында, мыйзам долбоорунда органда кызмат өтөөнүн укуктук мамилелеринин механизмдерин жакшыртуу жагы каралууда. Мурда бажы органдарында кызмат өтөө мамилелери Эмгек кодексинин жоболоруна ылайык жүргүзүлүп келсе, азыр андай эмес экенин айтат депутат. Эмгек кодексине 2012-жылы киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, анда камтылган жоболор укук коргоо органдарынын ишин жөнгө салбай калган. Ошондон улам бажы органдарынын ишине байланыштуу бир катар мыйзамдарга түзөтүү киргизүү зарылдыгы жаралыптыр. Мисалы, майор наамынан жогорку наамы бар адамдар бажы органдарына кызмат өтөөгө келсе, ал ошол наамы менен эле иштей баштайт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: