super.kg logo
  Саясат  

Сапатсыз дары-дармек саткандарга айыпты 10 миң сомго көтөрө турган мыйзам долбоору каралууда  

 

Кыргызстанда сапатсыз дары-дармек саткандарга айып пулду жогорулата турган мыйзам долбоору каралууда. Демилгенин автору – депутат Дамира Ниязалиева. Анын айтымында, мыйзам долбоору боюнча Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталып, бирок муну өкмөт колдобой жатат.

“Сапатсыз медициналык каражат жана дары-дармек саткандар көбөйүүдө. Дары сатуучулардын көпчүлүгүнүн фармацевттик билими жок. Сапатсыз дары-дармек саткан, тармакта лицензиясы жок иштеген жарандарга жазаны күчөтөлү деп жатабыз. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте (азыркы) сапатсыз дары саткандар административдик айып салынып, күнөөлүү адамдар 500 сом гана төлөйт. Бирок алар кайра эле иштерин улантышууда. Анткени айыптын өлчөмү өтө аз. Биз айып пулду жарандар үчүн 2-5 миң сом, мындай иш менен алектенген кызмат адамдарына 3-10 миң сом кылганы жатабыз. Лицензиясы жок иштеп жаткан адамдарга да айып пул ушундай өлчөмдө болот”,- деди Ниязалиева.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: