super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Өлкө башчы согуш ардагерлерине өмүр бою берилүүчү президенттин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койду

 

Бүгүн, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы белгилөө жөнүндө» жарлыкка кол койду. 

Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин терең урматтап, аларга кошумча социалдык колдоо көрсөтүү, Жеңиш күнүнүн 69 жылдыгын белгилөө максатында төмөнкүдөй токтом кылынат: 

2014-жылдын 1-майынан тартып төмөнкүлөргө өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунун каражаттарынан ай сайын 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө үстөк акы белгиленсин:

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоого алуу мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Курчоодогу Ленинграддын тургуну” белгиси менен сыйланган адамдарга;

- Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жерлеринин жашы жете элек туткундары болгон адамдарга. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте ушул жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн үстөк акыны төлөөнү камсыз кылуу милдети тапшырылды. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: