super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады

 

Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мекендештер!

Замандын талабына жараша адамдын турмушу өзгөрүп турары шексиз. Бүгүнкү учкул заман ар бирибизди, коомубузду, жадакалса адаттарыбызды өзгөртүп жатат. Бирок мезгил өзгөрсө да, дүйнөнү көрктөндүрүп, жакшылыкка, келечекке жол ачкан эмгекке болгон биздин мамилебиз өзгөрбөш керек.

Кыргызстандыктар жаздын ушул жаркын майрамын ар дайым чыдамсыздык менен күтүп алышчу. Аталарыбыз, апаларыбыз 1-Май майрамын ачык маанай, өзгөчө шаң менен тосуп алышар эле. Анткени эмгектин кадырын жакшы билишкен. Талыкпай эмгектенишкен. Маңдай тери, жаратмандыгы менен түптөгөн мурасы келечекте урпактарга кызмат өтөсүн деп тилек кылышкан.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Балдарыбыздын тагдыры, өлкөбүздүн келечеги биздин колубузда! Келечекти ойлойлу. Жаратман муун бололу. "Мамлекет мага эмне кылып берди?" дебей, “Мен Ата Мекениме кандай кызмат кыла алдым?” деп өзүбүздөн сурай турган мезгил келди. Эмгектене турган мезгил келди. Ар бирибиз өз ордубузда чымырканып иштей турган учур келди. Ошондо гана биз максатыбызга жетебиз. Биргелешип эркин, адилеттүү, гүлдөгөн Кыргызстанды курабыз. Эмгек майрамында эмгек ардагерлерине, өз үй-бүлөсү, айылы, шаары, Кыргызстан үчүн эмгектенип жаткан мекендештериме терең ыраазычылык билдирем! Бардыгыңыздарга узак өмүр, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!"   

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: