Парламент: Жалданма эне болууга уруксат берилген жаш куракты 35тен 40 жашка көтөрүү сунушталууда
Парламентте бүгүн, 30-апрелде “Жарандардын тукум улоо укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери” тууралуу мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратууда. Мыйзам долбоорундагы “жалданма энелик” ыкмасын колдонууга каршылар көп болууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Дамира Ниязалиева буларды билдирди:
“Мыйзамда жалданма энелик кылууга 35 жашка чейинки айымдарга уруксат берилген. Биз муну 40 жаш деп өзгөртүүнү сунуштап жатабыз. Атайын келишим түзүлүп, жалданма энелик кылуучу үчүн жумшала турган акча, тараптардын укук-милдеттери көрсөтүлмөкчү”,- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

