super.kg logo

Жалал-Абадда базардагы баалардын өсүшүнүн алдын алуу боюнча тегерек стол болуп өттү

 

Бүгүн, 30-апрелде Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында базардагы баалардын өсүшүнүн алдын алуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, күйүүчү майга жана азык-түлүккө болгон баанын жогорулашынан улам элге кыйынчылыктар жаралууда.

Доллардын курсу жогорулагандыктан, базардагы азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп кетти эле. Баанын жогорулашы элге бир канча кыйынчылык алып келди. Бирок учурда доллар түшүп жатат, негедир базар баасы ошол бойдон калууда. Ошондуктан бүгүн биз базар жетекчилерин чакырып, бааны иретке келтирүү боюнча тегерек стол өткөрүп жатабыз. Кандай болгон күндө да карапайым элдин көйгөйүн чечишибиз керек”,- деди Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Тайырбек Чойбеков.

Базар баасы боюнча атайын комиссия түзүлүп, рейддер уюштуруларын кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, тегерек столдун жыйынтыгында ар бир базар жетекчисине бааны көзөмөлдөө милдети жүктөлдү жана ар апта келип маалымат берип туруу талап кылынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: