super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-Түрк «Манас» университети боюнча эки тараптуу келишим добуш берүүгө жөнөтүлдү

 

Жогорку Кеңеште «Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргызстан менен Түркиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимин ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

КРнын Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, эки өлкө ортосундагы билим берүү жаатында, анын ичинде Кыргыз-Түрк «Манас» университети боюнча кызматташтык мамилелерди кеңейтүү жана аны андан ары өркүндөтүү максатында 1995-жылы түзүлгөн келишимди жаңыртуу милдети турат. 2011-жылы мындай демилге көтөрүлгөн, бирок ал парламентте колдоо таппай калган. 

Ушу тапта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 4570 студент билим алат. Анда Түркия, дагы башка өлкөлөрдөн келген студенттер да бар. Кыргыз тараптан 467, түрк тараптан 152 окутуучу иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: