super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөрдүн” ишин токтотпоо боюнча Өмүрбек Текебаев сунуштаган мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү  

 

Парламентте бүгүн, 30-апрелде “Кумтөр” боюнча Өмүрбек Текебаев сунуштаган мыйзам долбоору талкууланды. Айрым депутаттар бул мыйзамдын аткарылышы кыйын экенин билдиришти. Бирок демилгечи депутат буга макул эмес. “Мыйзам абдан сонун иштейт. “Центерра” “Кумтөрдү” токтотом деп көрсүнчү, кандай иштей турганын көрөбүз”,- деди Текебаев. 

Депутат Дамира Ниязалиева муну менен инвесторлорду коркутуп алуу жагы бар экенин айтты эле, Текебаев: “Тескерисинче, бул мыйзам инвесторлорго абдан жагат. Анткени инвесторго ишкананын токтобой иштеп турушу маанилүү. Аларды менеджер иштетет. Инвестор ишканасы токтобой иштээрин, аны токтоткон менеджери жоопко тартыларын билиши керек”,- деп жооп берди.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Айта кетсек, аталган мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчилери 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: