super.kg logo

Айыл чарба министрлиги: 2014-жылы 2 миллион тубар кой жана токту бруцеллёзго каршы эмделет

 

2014-жылы 2 миллионго жакын тубар кой жана токту бруцеллёзго каршы эмделет. Эмдөөнү Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын райондук башкармалыгы менен келишим түзгөн жеке мал доктурлар жүргүзөт. Бул тууралуу 30-апрелде КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, мал ээлери үчүн вакцина акысыз, бирок ветеринардын иши үчүн акы төлөө керек. "Кызмат көрсөтүүнүн наркы ар кайсы региондордо айырмаланышы мүмкүн, анткени аны КРнын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү башкармалыгы бекитет. Бирок «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоору анын айрым бөлүгүн ар бир эмделген жаныбар үчүн 6 сом өлчөмүндө жабат" деп айтылат маалыматта. 

Азыркы учурда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияда 400 000 доза вакцина бар. Мындан сырткары мекеме 2 миллион доза алат. Алар «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун каражатына сатып алынат. 

Кой-эчкини иммунизациялоо REV-1 штаммынын вакцинасы менен жүргүзүлөт, ал Эл аралык эпизоотикалык бюронун талаптарына шайкеш келет. Бул вакцинаны колдонуу экономикалык жактан пайдалуу, себеби эмделген жаныбарга кийинки төрт-беш жылдын ичинде бруцеллёз менен ооруп калууга мүмкүндүк бербейт, ал эми бул убакыттын ичинде мал демейде союуга кетет. 

Ошондуктан үч айлык ар бир кой-эчки өз өмүрүндө болгону бир жолу вакцинацияланат. Мурда бруцеллёзго каршы башка вакцина колдонулуп келген, алар малга жыл сайын сайылчу, бирок оңолуу иш жүзүндө байкалган эмес. 2008-жылдан тартып Кыргызстанда REV-1ди пайдалануу жаныбарлар арасында, ошондой эле адамдар арасында бруцеллёз менен ооруп калууну үч эсе азайтууга мүмкүндүк берди. 

«Кыргыз Республикасында бруцеллёзду көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жана жетишилген ийгиликтер жөнүндө» отчётунда «Эгерде 2007-жылы эмдөөгө чейин ооруга байланыштуу экономикалык чыгымдар 27,6 миллион АКШ долларын түзгөн болсо, 2012-жылы 13,8 миллион АКШ долларын түздү» деп жазылган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
30.04.2014. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчкилеримди бруцеллезго каршы эмдетсем деп жатам,бирок кимге кантип жана качан?Таза сут ичсек деп жатам.Ой болушкуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: