Ысык-Көл облусунда өз атасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды
Ысык-Көл облусунда өз атасын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. 1-январда Түп райондук ооруканага Орто-Өрүктү айылынын тургуну, 1956-жылы туулган В.В. денесиндеги жараат менен жеткизилген. Бирок жабырлануучу ошол эле күнү эсине келбей каза болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп мурда соттолгон, 32 жаштагы каза болгон жарандын уулу В.И. кармалды. Изилдөөдө белгилүү болгондой, жаңы жылдык кечеде алкоголь ичимдигин ичип, мас болуп калгандан улам жаңжал чыккан. Каза болгон жаран айылдын четиндеги короодо жашап, малчы болуп иштечү. Бул иш боюнча Ысык-Көл РИИБи кылмыш ишин козгоп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.