Чүй облусунда уурулукка шектелип 3 жаран кармалды
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-апрелде “артынан из калтырбаган уурулар кармалды” деп кабарлады.
Маалыматтарга караганда, милицияга Аламүдүн айылынын үч тургуну үйлөрүнөн белгисиз адамдар баалуу буюмдарды уурдап кетишкендиктери тууралуу айтышкан. Аталган фактылар боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, атайын операциянын негизинде К.М. жана А.Р. аттуу Кайырма айылынын тургундары, ошондой эле Кант шаарынын тургуну М.А. кармалган.
Чүй ОИИББинен келген маалыматта “Уурулар үч кылмышка тиешелери бар экенин мойнуна алышкан. Алар ачылып калган терезелерден уурулукка киришип, артынан из калтырбай иштешкен” деп жазылат. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.