super.kg logo

“Чоң-Кемин” жаратылыш паркында илбирс, аюу, сүлөөсүн сыяктуу жапайы жаныбарларды сүрөткө тартуучу фотокапкандар орнотулду (фоторепортаж)

 
Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери иштеген жер.
"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын көрүнүшү
"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын көрүнүшү
"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын көрүнүшү
Фотокапканды кантип орнотуу керек экендигин Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы филиалынын өкүлү парктын кызматкерлерине үйрөтүп жатат.
Фотокапканды кантип орнотуу керек экендигин Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы филиалынын өкүлү парктын кызматкерлерине үйрөтүп жатат.
Фотокапкан
Фотокапкан тартып калган кашкулактын сүрөтү
Фотокапкан тартып калган тоо текенин сүрөтү
Фотокапканга тартылган илбирстин сүрөтү
Фотокапканга тартылган илбирстин сүрөтү
Фотокапкан тартып калган аюунун сүрөтү
Фотокапкан тартып калган курандын (эликтин эркеги) сүрөтү
Жапайы жаныбарлар көбүнчө бийик тоолуу жерлерде жүрүшкөндүктөн, фотокапканды орнотууда 3000-4000 метр бийиктикке чейин чыгууга туура келет.

Кечээ, 29-апрель күнү “Чоң-Кемин” жаратылыш паркында илбирс, аюу, сүлөөсүн сыяктуу жапайы жаныбарларды сүрөткө тартуучу фотокапкандар орнотулду. Муну менен Кыргызстандын аймагында кандай жаныбарлар бар жана алардын саны канча экендигин аныктоого болот. Аларды орнотуу иш-чарасына Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, “Чоң-Кемин” жаратылыш паркынын жана Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы филиалынын өкүлдөрү катышышты. Өткөн жылы 16 фотокапкан орнотулса, быйыл 10 фотокапкан коюлду.

Айта кетсек, “Чоң-Кемин” жаратылыш паркынын жалпы аянты 123 миң гектарды түзөт. Анда өсүмдүктүн 630дан ашык түрү жана илбирс, сүлөөсүн, аюу, марал сыяктуу жаныбарлар бар. Парк 1997-жылы жаратылышты коргоо максатында уюшулган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
30.04.2014. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вобще сонун жер экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: