super.kg logo

Таш-Көмүр-Аксы унаа жолунда жол кырсыгы болуп, 2 адам жабыр тартты

 
7-январь күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр - Аксы унаа жолунда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Окуя саат 8:50лөр чамасында болуп, унаада бара жаткан 2 жүргүнчү жабыркаган. Таш-Көмүр шаардык Издөө-куткаруу бөлүмүнүн 10 кызматкери окуя болгон жерге барышып, аларга алгачкы медициналык жардам беришти. Андан соң жабыркаган жүргүнчүлөр "Тез жардам" бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: