Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун гематология бөлүмүнө дем алууну көзөмөлдөөчү аппарат берилди
Эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев.

Бишкекте бүгүн, 30-апрелде Эне жана баланы коргоо борборунун
гематология бөлүмүнө “Help the Children-SKD” кайрымдуулук фонду тарабынан 294 миң сомдон ашуун
каражаттык дем алууну көзөмөлдөөчү атайын аппарат өткөрүлүп берилди.
Автор: Мальвина Уметбекова
Фото: Мальвина Уметбекова
“Жогорудагы кайрымдуулук фонду бизге 7 жылдан бери жардам берип келет. Бул жолкусунда биздин борбор муктаж болуп жаткан кан оорусу менен жабыркаган бейтаптардын кан тамырынын согушун, жүрөктүн иштешин жана анын согушун, дем алуучу органдарды көзөмөлгө алуучу 3 аппарат өткөрүлүп берилди.
Өз баласына жардам берүү - ар бир ата-эненин парзы, ал эми мындай оорулар менен жабыркаган балдарга жардам берүү жакшы адамдардын колунан гана келсе керек”,- деди аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.