super.kg logo

Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө жардам көрсөтүлдү (фоторепортаж)

 
Борбордогу бейтаптарга керектелүүчү майыптык арабалар
Иш-чарага келген дарыгерлер жана бейтаптар
Балдар бөлүмүнө берилген муздаткычтар жана тиешелүү каражаттар
Балдар бөлүмүнө керектелүүчү каражаттар
Улуттук онкология борборунун башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Шайымбетов
Балдар бөлүмүнө берилген азык-түлүктөр
Балдар бөлүмүнө берилген азык-түлүктөр
Физикалык эритмелер
Кан оорулары менен жабыркаган бейтаптарга колдонулуучу химиялык реактивди анализдөөнү жүргүзүүчү каражат
Дарыгерлер өткөрүлүп берилген каражатты бөлүмгө алып кетишүүдө.
Ордунан туруп баса албаган бейтаптарга алынып келинген отургуч-дааратканалар
Кандын кызыл шариктеринен орун алган түс берүүчү заттын көлөмүн ченей турган каражат

Бишкекте 30-апрелде Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө коомдук «Help the Chidren - SKD» кайрымдуулук фонду тарабынан 920 миң сомдук каражаттык ар кандай дары-дармектер жана балдарга керектелүүчү каражаттар өткөрүлүп берилди.    

Онкология бөлүмүнө эки дем алууну көзөмөлдөөчү аппарат, суммасы 225 528 сомдук 3 даана кан оорулары менен жабыркаган бейтаптарга колдонулуучу химиялык реактивди анализдөөнү жүргүзүүчү каражат, 84 миң сомду түзгөн 6 муздаткыч, 5 отургуч-даараткана, дары-дармектер жана борбордогу бир нече азык-түлүк компанияларынан азык-түлүктөр берилди. Ошондой эле гемоглобинди ченей турган аппараттар жана үч майыптык араба тапшырылды. 

"Аталган фонд биздин борборго 7 жылдан бери көмөк көрсөтүп келет. Мында онкологиялык жана кан ооруларынан жабыркаган бейтаптар дарыланат. Алар химиотерапиядан, нур терапиясынан өтүшөт. Биздин борбор Бишкек боюнча аталган бейтаптарды дарылоочу жалгыз оорукана болуп эсептелинет”,- дейт аталган борбордун башчысынын милдетин аткаруучу Б.Шайымбетов.   

Андан сырткары будда кечили Парк Жонг Сун кан препараттарын бекер алуу үчүн 63 миң сомдук сертификат тапшырды.  

"Биздин фонд балдардын онкология жана гематология бөлүмдөрүнө бир нече жылдан бери жардам берип келет жана келечекте да колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз",- дейт фонддун директорунун милдетин аткаруучу Елена Перевозникова

Кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн айтуусуна караганда, бул иш-чара биринчиси жана акыркысы эмес. Жыл сайын чоң суммадагы жардам көрсөтүлүп, балдар бөлүмүнө ай сайын азык-түлүктөр берилип турат. 

  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.05.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
. Балдар оорубасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: