super.kg logo

Жогорку Кеңештин депутаты студентке убада кылган унаасын тапшырды (фоторепортаж)

 
Иш-чарага келген жогорку окуу жайдын студенттери
Унааны тапшыруу аземине келгендер иш-чараны кызыгуу менен видеого тартып жатышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Бекзат Самаган уулуна унаанын ачкычын тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүнөн
Студент 5 жылдан бери тээп жүргөн велосипеди менен коштошуп жатты.
"Кубанычымда чек жок" дейт студент.
Алмашууга коюлган техникалар.
Жаңы унаалуу болгон студент депутаттын колуна велосипединин ачкычын тапшырды.
Студент алгачкы жолу жаңы унаасына отурууда.
Бекзат депутатка жана келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, "Кара жорго" бийин бийлеп берди.
Иш-чаранын жүрүшүнөн

Эске салсак, 22-апрелде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн “КУУ периси жана мырзасы-2014” сынагында калыстар тобунун төрагасы болгон ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев студенттин велосипедин өзүнө белекке берүүсүн өтүнүп, анын ордуна Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа тартуу кыларын убада кылган эле. Бүгүн, 30-апрелде депутат Бакыт Төрөбаев айткан сөзүнө туруп, Кыргыз улуттук университетинин студенти Бекзат Самаган уулуна Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын ачкычын тапшырды. Ал эми Бекзат депутатка өз велосипедин тартуу кылды.

"Менин оюмча, КУУда эң мыкты студенттер окуйт. Мен үчүн буга чейинки уюштурулган иш-чарага катышуу да жагымдуу болду. “КУУ периси жана мырзасы-2014” сынагында Бекзат сахнага чыгып, “депутаттар бюджеттик каражатты үнөмдөп, велосипед айдашса” деп тамашалаганда залдагылардын баары кол чапкан эле. Ошол учурда менде анын велосипедин унаага алмаштыруу боюнча ой пайда болду. Бул унаа Бекзаттын жана анын жакындарынын жакшылыктарына кызмат кылсын”,- деди депутат өз сөзүндө.   

Ал эми Бекзат Самаган уулу: "Мен аябай кубанып жатам, унаамды үйгө айдап келип, учурда аны улам айланчыктап жүрөм. Ата-энем да аябай толкунданып, "Кантип эле ушундай болсун?" деп, дагы эле ишенбей жатышат. Тууган, тааныштарым да улам чалып, "Тамашабы же чынбы?" деп сурап жатышат",- дейт кубанычын жашырбай. 

Анын айтымында, велосипедин кыя албай жатып берген. Себеби аны 5 жылдан бери жасалгалап тээп жүрүп, ага аябай байланып калган эле. 

"Бакыт агай бул велосипедди жумушуна айдап барат деп ишенгим келет. Эгер ошондой болсо, башкалар андан үлгү алып, акыры ЖКдагы бардык депутаттар бюджеттин каражатын үнөмдөө максатында велосипедге отурат деген үмүтүм бар",- дейт студент.  

Унаанын ачкычын тапшыруу учурунда ЖКнын депутаты июль же август айында Бишкектен Ысык-Көлгө чейин веложүрүш болуп, ага өзү катышарын билдирди.

Бекзат келген коноктордун баарына ыраазычылык билдирип, “Кара жорго” бийин аткарып берди.

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(35)
30.04.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Депутатка Хонда Фит деген , кеп эмес да . 2 айда , башка алып алат , запаста деле болсо керек .
30.04.2014. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
азаматсынар!!!
30.04.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Айабай Жакшы депутат Мелис Мырзакматов менен бириккен
30.04.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Азаматсыз Бакыт Эргешович ар дайым ден соолукта болун. Студент да азамат экен .
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: