ӨКМ Бишкектин Ала-Арча дарыясын кардан тазалоо иштери уланып жатканын билдирет
Турак жайларды суу каптоодон алдын алуу максатында Ала-Арча суусунун Бишкекти аралап өткөн аймагында каналдын нугун кар жана муздан тазалоо иштери улантылып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 7-январь күнү аталган дарыянын Москва көчөсү менен кесилишкен жеринде 2 экскаватор, 3 жүк ташуучу унаа иш жүргүзүштү. Ушул эле күнү дарыянын Малдыбаев көчөсү менен кесилишкен жеринде "Бишкек суу оңдоо чарбасы" ишканасынын 5 жумушчусу кар тазалоо иштерин аткарышты. Бул багыттагы иштер бүгүн, 8-январда дагы улантыла турганын маалымдайт ӨКМ.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















