Кара-Суу районунда атышуу болуп, бир жаран жараат алды. Ал Мелис Мырзакматовдун жакын тууганы экендиги айтылууда
Бүгүн, 30-апрель күнү саат 15:25те Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында атышуу болуп, андан Жеңишбек Сайдиев аттуу жаран жараат алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Дыйкан-Кыштак айылынын Б.Осмонов көчөсүндө жашаган 1977-жылы туулган Сайдиев Жеңишбектин үйүнө белгисиз бирөө кирип, короодо турган үй ээсин кош ооз мылтык менен эки жолу аткан. Андан соң мылтыкты окуя болгон жерге калтырып, өзү кара-көгүлтүр түстөгү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, изин жашырып кеткен. Жабырлануучу Ж.Сайдиев оң колунан, көкүрөгүнөн жана арткы капталынан жараат алып, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерди кароо учурунда 16-калибрдеги Иж-58м үлгүсүндөгү кош ооз ок атуучу мылтык, 2 даана 16-калибрдеги мылтыктын атылган октору далил катары алынган. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кара-Суу РИИБине өткөрүлүп, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Кылмыштын бетин ачуу максатында тез арада шаардын жана облустун аймагында ‘‘Торомо” тосуу-издөө калыптык иш-чарасы киргизилип, окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө иш-чаралары өткөрүлүүдө. "Анын өмүрүнө кол салуу жеке ишмердүүлүгү менен байланышкан" деген божомол боюнча иш алып барылууда.
Белгилей кетсек, айрым маалымат каражаттарында Жеңишбек Сайдиевдин Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жакын тууганы экендиги айтылууда.



Бул кичине нерсе эмес да,бугун жарадар кылган болсо эртен олтурот.
Ошол бийликте дагы сага окшогондор олтурат.
Кичине нерсе экен отуп кетет деп.
Мен ойлойм бул да болсо биликтин алсыздыгы деп.
Буга ким буйрук бергени белгилуу эле болду да элеге.издебей деле койсо болмок.баарибир таппайт.жаш бала башындагы шапкасын издегендей эле болуп жатат да