Ош шаардык ички иштер башкармалыгы: Шаар тургундарынын арасында автономия тууралуу имиштер жок
Парламентте “Ошто автономия маселеси кайрадан көтөрүлүп жатыптыр” деген пикирлер айтылгандан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков: “Тургундар арасында эч кандай имиштер жок, жадакалса автономия туурасында сөз жок. Ал эми Турсунбай Бакир уулунун өзүнө байланышып, ким автономияны талап кылып жаткандыгын билүүбүз керек”,- деди.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу “Орусия Крымды
алгандан кийин Ошто автономия маселеси кайрадан көтөрүлүп жатыптыр" деп
билдирген. Ошону
менен катар бул боюнча жарандар ага телефон чалып жатышканын
айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

baibai71 - эскертүү! Кесинтүүдөн алыс болсоңуз.
Дени сак адам бул созду жарыялабайт даже ошол аракет болуп жатса да,Буну чиновгиктер тымызын элге жарыялабай бутурушу керек.
Провокацияга жол жок!