super.kg logo

Ош. Айтмамат Кадырбаев кыргызстандыктарды 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады

 
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кыргызстандыктарды 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады. 
Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу мекендештер!

Шаарыбыздын кадырлуу жашоочулары жана коноктору! Сиздерди 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен чын дилден куттуктайм!

Ырас, бул күндү биримдиктин жана эмгек салтанатынын символу катары белгилеп келебиз. Эмгек  адамдарды кесипкөйлүккө, ынтымак-ырашкерликке, биримдикке чакырат. Адам эмгек аркылуу келечекке пайдубал түзүп, жаратмандыкка умтулуп, бакубат жашоого бел байлайт. Адамзаттын эмгегисиз бир дагы коомчулукта өнүгүү-өсүү болбой тургандыгы анык. Андыктан күнөстүү Кыргызстаныбыздын өсүп-өнүгүшү үчүн келечек муундарды эмгекке тарбиялайлы, ой-максаттардын орундалышына талыкпаган ак эмгек менен жетерине үгүттөйлү. Жарандарыбыз өз кесибин мыкты аркалагандыгы менен мамлекетибиз, анын ичинде ордолуу Ош калаабыз ар тараптан гүлдөп-өсүшүнө бекем ишенебиз.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, жакында Ош шаарын 2014-2017-жылдары өнүктүрүүнүн программасын бекиттик. Бул программа изденүүнүн, ак эмгектин, кажыбас кайраттын аркасында баарыбыз сүйгөн Ош шаарыбызды эч бир шаарлардан кем эмес көркөм шаарга айлантууга, шаар тургундарынын жашоосун жакшыртууга багытталган.

Көп улут өкүлдөрү байырлаган шаарыбызда ынтымактын, биримдиктин оту өчпөй, достуктун шаарына айлантабыз деген ишеничим бекем.

Кыргызда «ак эмгектин наны таттуу» деген жакшы сөз бар. Ошондуктан ак эмгектен баар таап, чың ден соолукта, бакубат жашоодо өмүр сүрүңүздөр. Майрамыңыздар куттуу болсун!"  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.05.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыйраттын
01.05.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жыргаттын...
02.05.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакпайт да
02.05.2014. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым буйруп Манас атабыздын арбагы колдосо баары жакшы болот дегенин унутуп калыптыр да
02.05.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ордунда отуруп куттуктабай элди чогултуп куттуктаса жакшы болмок. Оюн шан уюштуруп берсе дагы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: