super.kg logo

Үрүмчү шаарындагы темир жол бекетиндеги жардыруудан 3 адам каза таап, 79 адам жараат алды

 

Кечээ, 30-апрелде Үрүмчү шаарындагы темир жол бекетинде жардыруу болуп, анын кесепетинен 3 адам каза таап, 79 адам жараат алды. Жарылуу бекеттин кире беришинде болгон. Кытайдын борбордук телеканалынан кеткен маалыматта террорчулардын бычак менен куралдангандыгы айтылат. 

Окуя катталары менен куралданган укук коргоочулар темир жол бекетин курчоого алып, ага кирүүчү жолдордун баарын жабышкан. Ошондой эле бекетте жүргөн элди эвакуациялашкан. Бийлик өкүлдөрү чабуулду радикалдуу маанайдагы уйгур жикчилери уюштурду дешүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары өлкөдө коопсуздук күчтөрү менен уйгур жикчилери ортосундагы тирешүү көбөйүүдө. 2013-жылдын аягында Кашкар округунда куралданган топ полиция кызматкерлерине кол салган. Жыйынтыгында 9 кылмышкердин 8ин атып өлтүрүшкөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: