Паспорт-визалык каттоо иштеринин кызматкерлери "издөөдө жүргөн кылмышкерлерге паспорт даярдап берген" деп шектелүүдө
Казакстан Республикасы тарабынан издөөдө жүргөн кылмышкерлерге Кыргызстандын паспортун даярдап берген факт катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 1-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Свердлов райондук паспорт-визалык каттоо иштеринин айрым кызматкерлери кызмат абалынан пайдалануу менен мыйзамсыз түрдө Казакстан Республикасы тарабынан изделип жаткан кылмышкерлерге паспорт даярдап беришкен. Кылмышкерлер паспортторду колуна алышары менен из жашырып кетишкен. Аталган факт боюнча Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан 315-берене (кызматтык жасалмачылык) жана 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголуп, иликтөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

9:35
2025-06-26

23:03
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.