super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары менен экономикалык маселелерди талкуулады

 

Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 30-апрелде Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгы маселелери талкууланды. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү көңүл чордонундагы маселелерден болду.

Жоомарт Оторбаев Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесс Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин экономикалык дареметинин өнүгүүсүнө кеңири жол ачат.

“Биздин мамлекеттин интеграциялык экономикалык долбоорлорду түзүүгө багыт алышы Кыргызстанда экономикага болгон жагымдуу жагдайдан кабар берет, ал рыноктун тереңдеп, инвестициялык жагдайга түрткү берет”,– деди Жоомарт Оторбаев.

Бажы биримдигине мүчө мамлекеттер - Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү. Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин тышкы соода жүгүртүүдөгү жалпы көлөмү Кыргызстанга карата 40,7 пайыз, экспорт – 27,8 пайыз, импорт 44,9 пайыз болгон. Кыргызстандын товар жүгүртүүдөгү эң чоң салыштырма салмагы Орусия менен 27,1 пайыз, андан кийин Казакстан 11,9 пайыз жана Беларусь 1,6 пайыз болгон.

Жолугушууда тараптар жол картасында каралган иш-чараларды каржылоо маселесин талкуулашты.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы аяктады, учурда кыргыз өкмөтү интеграциялык биримдик алкагында экономиканын тармактарынын өнүгүүсү жана тобокелдиктери боюнча маселелерди иштеп чыгууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: